Ташкентте 15-апрелде «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусу өтөт.
Форумга Борбор Азия өлкөлөрүнүн – Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана аталган кеңешке мүчө өлкөлөрдүн – Бахрейндин, Катардын, Кувейттин, Бириккен Араб Эмираттарынын, Омандын жана Сауд Арабиясынын делегациялары катышат деп күтүлүүдө.
Жолугушуунун жүрүшүндө былтыр 19-июлда «Борбор Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши» форматында Жидда шаарында өткөн алгачкы форумда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылуусун, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык, коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо тармактарында кызматташтыкты талкуулоо каралууда.
Мындан тышкары тараптар 2025-жылы Самарканд шаарында өткөрүү пландалып жаткан кийинки саммитке даярдык көрүү боюнча пикир алмашышат.
Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алуу пландалууда.