• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ташкентте мектеп фондуна акча чогулткан мугалим жумуштан бошотулду

23 Чын куран 202414:35 Бишкек Govori.TV

Ташкенттин Юнусабад районундагы №257-мектептин мугалими окуучулардан мектеп фондуна акча талап кылгандыгы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Ташкент шаардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы билдирди.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар №257-мектеп ата-энелерден 25 миң сумдан (2 доллар) чогултуп жатканын жазышкан.

Башкармалыктан билдиргендей, жумушчу топ жалпы билим берүү мекемесинде текшерүү жүргүзгөн.

Мугалим менен түзүлгөн эмгек келишими бузулуп, мугалим жумуштан бошотулду, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 138