• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Ташкенттеги борбордук көчөлөрдүн бирине Айтматовдун аты берилет

3 Чын куран 2018 13:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек.03.04.2018.Govori.TV.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин кеңири масштабда белгилөө үчүн уюштуруу комитетин түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.
Ага ылайык, тийиштүү Жарлыкка президент 2-апрелде кол койгон. Мааракени белгилөө иш-чараларынын алкагында уюштуруу тобу бир нече пландарды иштеп чыгат. Анын ичинде «Чыңгыз Айтматов жана Өзбекстан» аттуу эскерүү китебин даярдоо жана басып чыгаруу, Айтматовдун жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма тартуу, жазуучунун чыгармасынын негизинде жаңы спектакль коюу жана көркөм тасма тартуу бар. Андан сырткары, Ташкенттеги борбордук көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун аты берилип, Паркент районундагы №33 мектепке жазуучунун бюсту коюлат.
Ошондой эле 2018-жылдын декабрь айынын экинчи жарымында Өзбекстандын Улуттук академиялык драма театрында Айтматовдун элесине арналган чыгармачыл кече өтөт.
Улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларынын алкагында бир топ иштер жасалууда. Жакында эле интернетте «Дүйнө Айтоматовду окуйт» аттуу
Количество просмотров: 29