Москва районундагы Түштүк Медведково районундагы мектептин короо шыпыргычы таштанды челектен 1000 доллар жана 80 000 рубль таап, андан кийин полицияга кайрылган. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянып жазды.
«Южный Медведково айылындагы мектепте дворник болуп иштеген кыргызстандык жаран айлананы кыдырып, таштанды челектеринен темир издеп жүргөн. Ал Заповедная көчөсүндөгү контейнерден пальто жана байпак салынган чүпүрөк баштыкты алып чыккан. Анда 100 долларлык 10 купюра, 5 миң рублдик 15 купюра, миң рублдик 5 банкнот жана дагы 50 рубль болгон», — деп айтылат маалыматта.
Ал адам акчанын ээсин табуу аракектин көргөн, бирок ийгиликсиз болгон соң ал полицияга кайрылган.