• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Таштанды төгүүчү жаңы полигондун курулушу 3 жылдан кийин жанданды

31 Үчтүн айы 2022 13:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында таштанды боюнча жаңы полигонду куруу иштери бүгүндөн баштап жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда вице-мэр Максатбек Сазыкулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, жаңы полигон мурдагысынан 500 метр алыс аралыкта жайгашат.

«Аталган долбоор Европа биримдиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.
Биринчи этапта жерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Жаңы полигондун аймагына таштандыны иргей турган завод курулаары пландалууда. Марттын башында 6 миллион 280 миң еврого тендер жарыяланат», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы «Бишкек санитардык полигону» ишканканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg деп аталган компания эскисин жаап, жаңысын куруу боюнча келишимге кол койгон. Бирок компания 2019-жылы ишти токтотуп, дээрлик 3 жылдан кийин кайра жандантып отурат. Бул иштерге жалпысынан 22 миллион евро бөлүнгөн.

Количество просмотров: 116