• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Таштандыга толгон көлдүн түбү (видео)

28 Чын куран 2023 17:04 Бишкек Govori.TV

ӨКМдин суучулдары Ысык-Көлдүн акваториясынын булганган тилкелеринде таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган министликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 47 күндө көлдүн түбүнөн 3700 кг ар кандай таштанды жана 47 000 метр тор чыгарышты. Учурда Ысык-Көлдүн 50 530 гектардан ашык аянты тазаланды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгынын негизинде көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан арылтуу иш-чарасы 12-марттан бери масштабдуу түрдө жүрүүдө.

Количество просмотров: 91