• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тасмаларга порнографиялык сценаларды киргизүүгө тыюу салынды

28 Бирдин айы 2018 10:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.02.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз кинематографиясын мамлекеттик колдоого байланышкан мыйзамга кол койду. Ага ылайык, фильмдин продюсеринин милдеттери жана жоопкерчилиги сыңары бир катар маселелер такталган.

Ошондой эле бул мыйзамга ылайык тасманын концепциясы конституциялык түзүлүштү күч менен ɵзгɵртүүгɵ, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырууга; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка; улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга; улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкка үгүттɵбөшү керек. Мындан тышкары, фильмге порнографиялык мазмундагы сценаларды киргизүүгө жол берилбейт.
Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2018-жылдын 10-январында кабыл алган.
Количество просмотров: 70