• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Татарстан Кыргызстанга 10 миң көчөт белек кылды

1 Кулжа 2023 17:05 Бишкек Govori.TV

Татарстан Кыргызстанга 10 миң көчөт белек кылды, деп билдирет Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы.

Ведомство “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында Кыргызстандын экологиялык ресурстарын жаңыртуу боюнча иш-чараларды улантууда.

«Бул демилге өлкөнүн жарандарынан гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн арасында да колдоо тапты. Алсак, ушул жылдын 30-майында Татарстандан «Имеральд» ЖЧКсы Кыргызстанга 10 миң ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрүн өткөрүп берди», — деп айтылат маалыматта.

«Жашыл» белектер министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, быйыл Татарстандан дагы 15 миң көчөт келүүсү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 92