• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Татарстандын президенти Раиса Атамбаевага унаа белек кылды

30 Бештин айы 2019 19:11 Бишкек Govori.TV


Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайына унаа белек кылды.

Маалыматка ылайык, Минниханов Раиса Атамбаеванын коомдук транспорт менен жүргөн сүрөтүн социалдык түйүндөр аркылуу көрүп, унаа жана айдоочуну дагы бекитип, ага айлык чектеп берген. Ал эми бул маалыматты Раиса Атамбаева өзү дагы ырастаган.

«Раиса Атамбаева Рустам Миннихановдун адамгерчиликтүү мамилесине, колдоосуна чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле элдин колдоосу ага күч кубат жана жаркын келечекке ишеним берип жатканын белгиледи»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган жана көчөдө күтүп турган сүрөттөрү тараган болчу. Колдонуучулар анын Бишкектеги Абдрахманов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук транспорт күтүп турган сүрөтү жарыяланган болчу.

Количество просмотров: 1096