Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV
Бүгүн,13-декбарда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов мамлекеттик кызматтарда иштеген кош жарандыгы бар кызматкерлерди аныктап, аларды жарандыктан ажыратууну сунуштады. Ал парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, эгер бул иштерди тез арада аткарбаса мамлекеттик башкарууда коркунуч жаралышы мүмкүн экенин айтты:
— “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчи орун басарлыгына Казакстандын жарандыгы бар киши келди. Ал — мамлекеттик маанилүү мекеме. Экинчиден, биз тазаланууну өзүбүздөн баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарандыгын кайрадан кароо керек. Акыркы фактылар көрсөтүп жаткандай арабыздан башка мамлекеттин атуулдары чыгып жатат. Үчүнчүдөн, укук коргоо органдары анын ичинен ИИМ, Чек ара кызматында иштегендердин кош жарандуулугун аныктоо зарыл, — деди Тазабек Икрамов.
Эл өкүлү андан сырткары саясий партияларды түзгөндөрдү, партия жетекчилеринин жана четтен каржыланган массалык маалымат каражаттарын негиздегендердин жарандыгын текшерүүнү демилгеледи. Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары 29 киши кармалган. Анын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.