• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Тазабек Икрамовдун кезектеги демилгеси…

13 Бештин айы 201813:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

      Депутат Тазабек Икрамов кийинки демилгесин көтөрүп чыкты. Эми ал массалык маалымат каражаттарынын жетекчилерин жана негиздөөчүлөрүнүн жарандыгын текшерүү керек деп эсептейт. Айрыкча бул маселе чет жерден каржылоо келип жаткан ЖМКга байланыштуу.

Тазабек Икрамовдун айтымында, гранттын эсебинен каржыланган ЖМК кыргыздарга жат көз караштарды таңуулап, туура эмес пропаганда жүргүзүүдө. Анын пикиринде, бул өлкөнүн маалымат коопсуздугуна доо кетирет.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2016-жылы ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырып,колдогон. Документте Кыргызстанда ЖМКны чет элдик жарандар жана уюмдар негиздөөсүнө тыюу салынат деп жазылган.

Количество просмотров: 12