• Дүйшөмбү 4 Бештин айы 2023
  • Понедельник 4 Декабрь 2023

«Тазалыкка» эки электромобил берилди

12 ноября 2023 в 10:32 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасына эки электромобил берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, электромобилдер «Бакай Банк» ААК тарабынан берилген.

Машиналар чоң транспорт кире албаган жерлерден, тротуарлардан жана сейил бактардан таштандыларды чыгарууга арналган.

Демөөрчүлүк жардам юбилейди белгилөөнүн алкагында «25 жылда 25 жакшылык кылуу» деген ураан менен көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, «Тазалык» муниципалдык ишканасы экологияга зыян келтирбеген электромобилдерди сатып алууга басым жасайт.

Количество просмотров: 178