• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Тазалыктын» кызматкери каза болгон кырсыктын чоо-жайы

19 Бештин айы 2021 9:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен унаанын айдоочу мас абалда болгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ билдирди.

18-декабрга караган түнү саат 01:00 чамасында «Honda CR-V» унаасы А.Масалиев көчөсү менен бара жаткан. Бирок А.Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жаткан «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 1960-жылы туулган Ш.Т. окуя болгон жерде көз жумган.

«Айдоочунун ичимдик ичип алганы аныкталды»,-деп айтылат маалыматта.

Автоунаа айып короого токтотулду, Экспертизалар дайындалып, тактоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы маркумдун бүлөсүнө 50 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, калаа башчысы Айбек Жунушалиев каргаша боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.  

Количество просмотров: 254