• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажик аскерлери Достуктагы мектепти ээлеп алды

16 Аяк оона 2022 14:49 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы саат 14.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалуу бойдон турганын кабарлады

«Тажик аскерлери Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алды. Тажик тарап калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатат. Кагылыштын жүрүшүндө кыргыз чек арачылары Тажикстандын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара бекеттерине сокку уруп, бир топ аскердик оор техникасын керектен чыгарды. Тажик тарап жайкын тургундарды «тирүү» калкан катары колдонуп жаткандыктап жарандар арасында жоготуулары көп»,-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган.

Количество просмотров: 69