Тажикстандын уламалар кеңеши кыргызстандык аскер кызматкерлерин мечитке куралдуу кол салды деп айыптады. Кеңештин төрагасы Саидмукаррам Абдукодирзода бул тууралуу «Ховар» агенттигинин кабарчысына билдиргенин бир нече онлайн басылмалар кечээ 19-сентябрда жазып чыкты.

“T-Media” порталы бул маалыматты текшерип көргөн.
Жаңылыкта Кеңештин төрагасы бир нече кыргызстандык жоокерлер компьютердин жанында отуруп, мечиттин жарылганын көргөнүн айткан. Ал кыргызстандыктарды агрессор катары баалап, аларды “кечирилгис күнөө кылды деп”, сыпаттаган.
Ушул эле маалыматты жана Сириядагы сүрөттү колдонуп, мечит өрттөлгөнүн кечээ, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги брифингде 3 ирет кайталаган.
Белгилей кетсек, материалда имам сөзүн тастыктоочу өзү кеп кылган видео тиркелген эмес. Мындан тышкары, ал сүрөттөп берген тасма ачык булактарда дагы табылган жок.
Тажикстандыктар буга чейин жарандар өрттөлгөн мечиттин сүрөтүн социалдык тармактарында таратып, кыргыздарды айыптаганын жазып чыгышкан.


Бирок, текшере келгенде бул Тажикстанда эмес Сириянын Алеппо шаарындагы «Омейяд» мечити экени аныкталды. 2013-жылы аталган мечит террорчулар тарабынан жардырылган.
2017-жылы Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров атасынан атынан ачылган фонддун атынан калыбына келтирүү үчүн каражат бөлгөнү маалымдалган.
Демек, уламалар кеңешинин жана тышкы иштер министринин орун басарынын айткан сөздөрү далидеген жок.
Кыргызстандын аскерлери Тажикстандын мечитине кол салганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.
Булак: “T-Media”