• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажик президенти Эмомали Рахмон Ворухка келди

9 Чын куран 2021 13:00 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 9-апрелде Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавы Ворухка келди. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ворухта бүгүн президенттин катышуусунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 7 ири объектинин ачылышы болот. Мисалы, Улуттук желектин аянты, Маданият ордосу (Кохи фарханг), мектептин жаңыланган имараты, ичүүчү суу менен камсыздоо линиясы, калкты тейлөө борбору, тигүү цехи, кондитердик цех жана интенсивдүү бакча ачылат.

9-апрелде түштөн кийин ал ворухтук тургундар менен жолугушуп, сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Ворух Тажикстандын Кыргызстанда жайгашкан эксклавы болуп саналат. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдары менен чектеш жайгашкан. Кыргыз-тажик чек арасындагы ызы-чуу көбүнчө ушул аймактан чыгып келет. Камчыбек Ташиев 26-марттагы маалымат жыйынында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш тажик бийлигине берилгенин маалымдаган. Ташиевдин билдирүүсүнө расмий Душанбе азырынча жооп кайтара элек.

Количество просмотров: 280