• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тажик президенти куттуктоо катын жолдоду

9 Бугу 2022 12:53 Бишкек Govori.TV

Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Согуштун каардуу жылдарында биздин өлкөлөрдүн элдери бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкен. Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги тууралуу жаркын элеси жүрөктөрүндө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем”, — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоосунда.


Эмомали Рахмон Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, туруктуулук жана мындан аркы өсүп өнүгүүнү каалады.

Количество просмотров: 189