• Бейшемби 21 Тогуздун айы 2021

Тажик студенттерге Кыргызстандын ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк бериле элек

21 сентября 2021 в 9:09 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда окуп жаткан, окууга тапшырган жана мугалим болуп иштеген Тажикстандын жарандарына байланыштуу Министрлер кабинетинин буйругунун долбоору иштелип чыкканын кабарлады.

«Азаттык» билдиргендей, ал тажик жарандарына Кыргызстандын аймагынан чыгууга жана өлкө ичинде жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тартип этникалык кыргыздарга да тиешелүү.

Ушул тапта буйруктун долбоору тийиштүү мамлекеттик органдардан макулдашуудан өтүп жатканы белгилүү болду. Министрлик Тажикстанга бул тууралуу маалымат берилгенин кошумчалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 2 миңдей Тажикстандын жараны билим алган.

«Азаттыктын» тажик кызматы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган 100дөн ашуун тажик студенттерине Бишкекке келүүгө уруксат берилбей жатканын жазган.

Мурдараак Кыргызстанда тажикстандык студенттер мажбурлап өлкөдөн чыгарылганы тууралуу маалымат чыгып, Бишкек муну четке каккан.

Быйыл жаздагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан соң Кыргызстан Тажикстан менен чек араны бир тараптуу жапкан. 28-апрелден 1-майга чейин уланган калабада Кыргызстанда 36 адам көз жумган. Тажик тарап 19 киши каза тапканын билдирген.

Количество просмотров: 98