• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажик тарап Чоң-Алайда кыргыз чек арачыларына кайрадан ок атты

17 Аяк оона 2022 19:08 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 17-сентябры саат 18:20га карата Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал кайрадан чыңалууда. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.

Ведомстводон белгилешкендей, ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 652