• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Тажик тарап кайрадан ок чыгарды

16 Аяк оона 202218:42 Бишкек Govori.TV

 2022-жылдын 16-сентябры саат 18:30га карата Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Ошондой эле Баткен районунда Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткылоо орун алды.

КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну толук токтотуу жана окуяны деэскалациялоо боюнча бардык чараларды көрүүдө.

Количество просмотров: 36