• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажик тараптан кол салгандардын арасында афган жарандары, экстремисттер болгону айтылды

19 Аяк оона 2022 16:24 Бишкек Govori.TV

Тажик тараптан кол салгандардын арасында афган жарандары, экстремисттер болгон. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алар кыргыз аскерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн фактылар бар.

«Сөөктү кордоп, мууздап, кулактарын кесип… Буга чейин мындай мыкаачылыкты көргөн эмеспиз. Бул согуштук аракеттерге экстремисттик-террордук уюмдардын өкүлдөрү катышкан белгилер бар. Сакалчан, жөнөкөй кийинип курал көтөрүп жүргөндөрдүн бирөө Афганистандын жараны экенин ошол өлкөнүн бийлиги тастыктады», — деди Иманкулов.

Количество просмотров: 450