• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Тажикстан Баткен аэропортунун айланасын жана бир катар объектилерди ракеталар менен аткылады

16 Аяк оона 202214:39 Бишкек Govori.TV

Баткен аэропортунун айланасы жана шаардын четиндеги объектилер Тажикстандын залптык реактивдүү системалары (РСЗО) тарабынан аткыланган. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Баткен шаарындагы жарандык инфраструктуралык объектилер талкаланган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган

Количество просмотров: 468