• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Тажикстан COVID-19га байланыштуу киргизилген чек арадагы чектөөлөрдү жойду

13 Бирдин айы 2023 9:24 Бишкек Govori.TV

Тажикстан бийлиги COVID-19га байланыштуу мамлекеттик чек араларда киргизилген бардык чектөөлөрдү алды. Бул тууралуу “Ховар” агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, чечимди кабыл алууга өлкөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу абал турукташканы себеп болду.

Былтыр декабрда тажик бийлиги коронавирустун жаңы толкунунун алдын алуу үчүн эпидемиологиялык чараларды күчөткөн. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги аэропорттордо жана башка чек ара өткөрүү бекеттеринде күнү-түнү көзөмөл уюштурган.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын март айынан бери коронавирус жуктурган бир да учур катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги муну эмдөө убагында жүргүзүлгөнү менен байланыштырат. Бийлик пандемия маалында Тажикстанда 17 миңден ашуун киши ковид менен ооруганын, 124 киши өлгөнүн билдирген. Бирок адистер менен өлкө жашоочулары расмий статистика чындыкка дал келбейт деп эсептешет.

Количество просмотров: 55