• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Тажикстан ИИМи: Бадахшанда 19 киши бийликке багынып берди

23 Бугу 202216:20 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Рушан районунун 19 жашоочусунун тизмесин жарыялап, аларды бийликке “өз ыктыяры менен багынып берген уюшкан кылмыштуу жана экстремисттик-террордук топтордун мүчөлөрү” катары сыпаттады.

Тизмеде “Ислам кайра жаралуу партиясынын” аймактагы мурдагы лидердери Амирбек Кайобеков менен Нуриддин Саидов жана Холбаш Холбашовдин кылмыштуу тобунун мүчөсү делген 15 киши бар.

Европада жайгашкан “Ислам кайра жаралуу партиясынын” өкүлдөрү Кайобеков менен Саидов мурда чынында эле уюмдун Рушан бөлүмүн жетектешкенин ырасташты.

Бийлик нааразылыктын уюштуруучуларынын бири деген Холбаш Холбашов өткөн жумада камакка алынган активист Ульфатоним Мамадшоеванын мурдагы жолдошу. Холбашовдун азыр кайда экени белгисиз.

Камактагы Ульфатхонум Мамадшоева мыйзамсыз эч нерсе жасабаганын билдирүүдө. Нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири катары айыпталган Махмадбокир Махмадбокиров болсо 22-майда Хорогдо өлтүрүлгөн.

Хорогдогу күч түзүм кызматкерлери менен жакындан тааныш өз булак “Озоди” радиосуна билдиргендей, Рушанда атайын бөлүктүн жети аскер кызматкери дайынсыз болууда. Дагы эки булак Душанбе-Тоолуу Бадахшан жолунда бараткан 17 киши да үч күндөн бери дайынсыз болуп жатканын кабарлады.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 17-майда тараткан билдирүүсүндө Хорогдогу соңку башаламандыктарды уюштурууга Мамадбокир Мамадбокиров, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамонов жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, аларга каршы кылмыш иштери козголгон.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 191