• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Тажикстан: Күзгү аскерге чакыруу өнөктүгүнө даярдык башталды

24 Баш оона 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын бийлиги өлкөдө күзгү аскерге чакыруу өнөктүгүнө даярдык башталганын билдирди. Бир катар райондордо, анын ичинде буга чейин армияга чакыруу планы аткарылбай калган аймактарда штабдардын жыйындары өттү.

Истаравшан шаардык акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, калаа башчысы Адхам Маъмурзода жооптуу адамдарга «аскерге чакыруу планын өз учурунда жана сапаттуу аткаруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү» тапшырмасын берди.

Матчин сыяктуу бир катар райондордун бийликтери да күзгү аскерге чакырууга даярдык башталганы тууралуу маалыматтарды таратышты.

Тажикстанда күзгү аскерге чакыруу өнөктүгү 1-октябрда башталып, ноябрдын аягына чейин созулат.

Акыркы жылдары өспүрүмдөрдү аскерге чакыруу – коомдогу көйгөйлүү маселелердин бирине айланды. Жыл сайын аскерге чакыруу өнөктүгү башталганда соцтүйүндөргө жаштарды көчөдөн же үйүнөн кармап, мажбурлап аскерге алып кеткен учурлар тартылган ондогон видеолор тарайт. Бирок тажик бийлиги өлкөдө «аскерге күч менен алып кетүү» тажрыйбасы жок экенин айтып келет.

Количество просмотров: 99