• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстан менен Иран виза режимин жоюуну макулдашты

9 Жетинин айы 2023 8:59 Бишкек Govori.TV

8-ноябрда расмий сапары менен Душанбеге барган Ирандын президенти Ибрагим Раиси Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жолугуп, тараптар кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюшту.

Алардын арасында транспорт тармагын өнүктүрүү, эркин экономикалык аймактарды түзүү жана маңзатка каршы күрөшүү тууралуу меморандумдардан тышкары эки өлкө ортосундагы виза режимин жоюу тууралуу макулдашуу да бар.

Буга чейин Ирандын да, Тажикстандын да коомдук ишмерлери эки өлкөнүн ортосундагы виза режимин жоюуну сунуштап келишкен. Алар бул маселе оң жагына чечилсе, Ирандын миңдеген жараны Тажикстанга турист катары келерин айтышкан.

Душанбе менен Тегерандын мамилеси акыркы он жылда чыңалып, 2015-жылы эң төмөнкү чекке жеткен. Анда расмий Душанбе Иранды «Ислам кайра жаралуу» партиясын колдоого, Тажикстанда төңкөрүш жасоо аракетине жана жарандык согушту тутандырууга айыптаган.

Ирандын маалымат каражаттары тажик бийлигин мекенинде өмүр бою эркинен ажыратылган ирандык миллиардер Бабак Занжаниге тиешелүү миллиарддаган долларды уурдап кетти деп күнөөлөгөн.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн мамилеси кайрадан жакшырып, өлкөлөр ортосунда жакындашуу байкала баштады.

Количество просмотров: 78