• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тажикстан менен Кытай аскердик машыгууларды жыл сайын өткөрүп турууга макулдашты

22 Жетинин айы 2022 9:48 Бишкек Govori.TV

Тажикстан менен Кытай терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен машыгууларды жылына бирден кем эмес жолу өткөрүп турууга макулдашты.

Бул тууралуу өкмөт аралык келишимде айтылат. Буга чейин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өлкө ТИМине бул келишимге Тажикстан өкмөтүнүн атынан кол коюуну тапшырган.

Билдирүүдө эки өлкөнүн аскер кызматкерлери машыгуу учурунда террористтердин кирип келүү коркунучу жаралган маалда жасала турган аракеттерди макулдашуунун жол-жоболорун иштеп чыгышары айтылат. Аскердик машыгуу өтө турган өлкө аскер кызматкерлерин курал-жарак менен камсыздап, алдын ала белгиленген маршрут боюнча жүрүүнү жана аскердик техникалардын нары-бери өтүшүн камсыздайт.

Тажикстан менен Кытайдын аскер кызматкерлери буга чейин Тоолуу Бадахшандагы Ишкашим районунда жана Тажикстан ИИМинин Рамит капчыгайындагы базасында машыгууларды өткөрүп келишкен. Анда эки өлкөнүн атайын бөлүктөрү Ооганстан тараптан кирип келген шарттуу террорчуларга каршы чабуул жасашып, машыгууга ШКУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү байкоо салган.

Кытай менен Тажикстандын аскердик кооперациясы 2015-жылдан баштап жандана баштады. Ага чейин тараптар негизинен экономика багытында кызматташууга басым жасап келген.

Количество просмотров: 74