• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тажикстан менен Орусиянын темир жол байланышы 16-августта жанданат

8 Баш оона 2022 8:57 Бишкек Govori.TV

16-августтан баштап Орусия менен Тажикстан арасында жүргүнчү поезддер каттай баштайт. Эки өлкө ортосундагы темир жол байланышы 2020-жылы март айында коронавирус пандемиясы башталганда үзүлгөн.

Темир жол билеттеринин баасы азырынча аныктала элек.

Тажикстандын транспорт министри Азиз Иброхимдин билдиришинче, 16-августтан баштап Куляб-Волгоград багыты боюнча поезд каттай баштайт. Жүргүнчүлөр 72 саат жол жүрөт. Хожент-Волгоград- Хожент багыты боюнча поезд каттамдары 7-сентябрдан тарта башталат.

Орусиянын Волгоград шаары Москвадан 980 чакырым аралыкта жайгашкан. Тажикстандын шаарларынан чыккан жүргүнчү поезди Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт.

Айрым булактардын билдиришинче, билеттин баасы 1400 сомониден (150 доллардын тегереги) башталат, бирок бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Количество просмотров: 152