• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда аскерде кызмат өтөөдөн качкан жигит түрмөгө кесилди

3 Чын куран 2023 16:11 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Хорог шаарынын тургуну Сорбон Комилов армияда кызмат өтөөдөн качканы үчүн соттолду. Бул тууралуу Тажикстандын Башкы прокуратурасы 1- апрелде – аскерге жазгы чакыруунун алгачкы күнүндө билдирди.

Сот өкүмүнө ылайык, Комилов «аскерде кызмат өтөөдөн качканы жана чакыруу кагазы боюнча аскер комиссариатына келбегени» үчүн бир жылга жалпы режимдеги колонияга кесилди.

Тажикстанда аскерде кызмат өтөө милдеттүү болуп эсептелет, андан качкандар жоопкерчиликке тартылат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы аскерде кызмат өтөөдөн качканы үчүн 108 өспүрүм жоопкерчиликке тартылган.

Укук коргоочулардын пикиринде, аскерде кызмат өтөөдөн качууга армияда тиешелүү шарттын жоктугу, жоокерлерге жасалган орой мамиле жана үстөмдүк себеп болуп келет. Тажик өкмөтүнүн БУУнун Адам укуктары комитетине жөнөткөн баяндамасында 2019-2021-жылдары өлкөдө 100дөн ашуу жоокер армиядагы «чоңсунуудан» улам каза тапканы айтылган.

Количество просмотров: 95