• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда аялдардын 78% зомбулукка кабылат

28 Жетинин айы 2023 15:43 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда аялдар зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылышат. Бул тууралуу БУУнун Өнүгүү программасынын Тажикстандагы кеңсеси жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө боюнча баяндама быйыл 27-ноябрда гана жарыяланды. Уюмдун Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасында Тажикстандагы аялдардын 31% экономикалык, 21% психологиялык, 20% физикалык жана 6% сексуалдык зомбулукка туш болору белгиленген. «Бирок бул боюнча чыныгы статистика мындан кыйла көп болушу мүмкүн», – деп жазылган уюмдун билдирүүсүндө.

Баяндама «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракет» өнөктүгүнүн алкагында жарыяланды. Бул өнөктүк жыл сайын 25-ноябрда белгилене турган Аялдарга карата зомбулукту жоюу үчүн күрөш жүргүүзүнүн эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда – Адам укуктарын коргоо күнүндө аяктайт.

Өнөктүктүн максаты – коомчулуктун аялдар менен кыздардын укуктарын сыйлоо тууралуу маалымдуулугун арттыруу. БУУ быйыл өнөктүктү «Зомбулукту актоого болбойт» деген ураан менен өткөрүүдө.

Количество просмотров: 75