Тажикстанда 2023-жылы «балдарды окутуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаган» ата-энелерге 14 миң 126 административдик иш козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында бул 2022-жылга салыштырмалуу миңге жакын учурга көп экени белгиленген.
Былтыр Тажикстанда жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан 555 кылмыш жасалган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 132ге аз.
Тажикстандын «Балдарды окутуу жана тарбиялоодо ата-эненин жоопкерчилиги жөнүндө» мыйзамына ылайык, ата-энелер он сегиз жашка чыга элек балдарынын мектепке баруусу үчүн жооптуу. Аларга кечинде жана түнкүсүн компьютердик оюндарды ойноого же интернет кызматтарын көрсөтүүчү оюн-зоок жайларына жана борборлорго барууга тыюу салынат.