• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Тажикстанда бекер юридикалык жардам көрсөткөн борбор жабылды

2 Жалган куран 2023 16:10 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда жарандарга бекер юридикалык жардам көрсөткөн “Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор” жабылып калды.

Уюм Исмоили Сомони райондук сотунун чечими менен 26-январда эле жабылганы белгилүү болду.

Тажикстандын юстиция министри Асадулло Хакимзоданын айтымында, “каржы отчеттору, ишин улантуу тууралуу өтүнмө убагында берилбегени жана бир катар мыйзам бузуулар” борборду жабууга себеп болгон.

“Жарандык эркиндик кеңсесинин” башчысы Дилрабо Самадова Тажикстан мындай уюмдарга муктаж экенин билдирди.

“Чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө караганда Тажикстанда адвокаттар өтө аз. Бийлик аны жойбой, текскерисинче, кишилерге бекер юридикалык жардам көрсөтүп жаткан уюмдарды колдошу керек”, — деди укук коргоочу.

“Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбордо” иштеген юристтер менен адвокаттар Душанбеде үйлөрдүн түрттүрүлүшү сыяктуу чуулгандуу иштерде жарандардын укугун коргоп келишкен. Уюмдун жактоочулары сотто камактагы журналисттердин кызыкчылыгын да коргошкон.

Количество просмотров: 58