• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тажикстанда үч өспүрүм алты жашар кызды өрттөдү

22 Кулжа 201920:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.06.2019.Govori.TV.

Тажикстанда үч өспүрүм алты жашар кызга от койду деп шектелүүдө. “Азаттыктын” тажик кызматы өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып жазганына караганда, окуя 19-июнда борбор шаар Душанбеден алыс эмес жерде болгон.

Кыз денесинин 65% күйүп, оор абалда ооруканага түшкөн.

Кылмышка шектүү деп үч өспүрүм кармалды. Окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

21-июнда «Фараж» басылмасы балдар кызды короонун тосмосуна байлап, от коюшканын жазды. Кыздын атасы алар коңшу айылдан келгенин, ата-энеси карабай, өз билгенин кылып көчөдө ойноп жүргөн балдар экенин айтты.

Тажик президенти Эмомали Рахмон иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды.

Количество просмотров: 96