• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда чек ара кызматынын жаш офицери каза болду

25 Үчтүн айы 2024 14:01 Бишкек Govori.TV

23-январга караган түнү Тажикстандын чек ара офицери, 29 жаштагы Бузургмехр Умаров Исфара ооруканасында каза болгону кабарланды.

Ата-энесине Бузургмехрдин өлүмүнө «башындагы кан басымы» себеп болгону айтылган.

Маркумдун атасы Туйчибой Умаров 24-январда Бузургмехрдун саламаттыгын чың болгонун, бирок уулунун сөөгүн экспертизадан өткөрүүгө уруксат бербегенин билдирди.

«17-январда баламды аскердик бөлүктөн Исфара шаарындагы ооруканага алып кетишкен. Мен аны эки жолу гана көрдүм. Ал эч нерсеге даттанган эмес, жакшы эле сүйлөшчүбүз. Бүгүн мага анын каза болгонун кабарлашты. Ичин ачуу керектигин айтышты, бирок мен уруксат берген жокмун», — деди ал.

Ал ортодо Бузургмехр Умаровду ооруканада көргөн «Озодинин» өз булагы анын «бетинин бир тарабында кара гематома болгонун» билдирди.

Аскер кызматкеринин өлүмү боюнча расмий түзүмдөр комментарий берген жок.

Бузургмехр Умаров Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматында сегиз жыл иштеген, аскердик наамы — капитан.

Количество просмотров: 92