• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Тажикстанда дагы бир журналист кармалды

9 Жалган куран 2023 8:58 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Пенжикент шаарында журналист Хуршед Фозилов кармалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу анын апасы Азиза Нуъмоновага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Фозиловду 6-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жергиликтүү башкармалыгынын кызматкерлери кармап кетишкен.

«Уулумдун эмнеге кармалганын билбейм. Эмне кылмыш кылганын айтпай жатышат. 7-мартта анын мобилдик телефону менен компьютерин алып кетишти», – деди Нуъмонова.

Азырынча Фозиловго кандай айып тагылганы белгисиз. Бийлик өкүлдөрү журналисттин кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

37 жаштагы журналисттин жакындары ага адвокат берилбегенине тынчсызданууда. Ал акыркы кездери Зарафшан өрөөнүндөгү элдин көйгөйүн көтөрүп, жергиликтүү бийликтин кемчилигин ачык айтып жүргөн.

Былтыр Тажикстанда жети журналист жана блогер кармалып, 7 жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолгон. Аларга «жалган маалымат таратуу», «экстремисттер менен кызматташуу» өңдүү айыптар тагылган. Журналисттер эч кандай күнөөлөрү жок экенин айтып, айыптоолорду четке каккан.

Бул кармоолорго эл аралык уюмдар тынчсызданууларын билдирип, тажик бийлигин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Количество просмотров: 249