Тажикстандын Согд облусунда үлпөт жана башка тойлорго коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жөнүндө сертификаты жок кишилер киргизилбейт. Бул тууралуу чечимди облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын санитардык-эпидемиологиялык станциясы кабыл алды.
Тойкана жана башка жайларда коноктордун вакцина тууралуу сертификатын станциянын кызматкерлери укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен чогуу текшеришет. Согд облусу боюнча санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Мажнун Орипов тойканаларга сертификаты бар гана кишилерди киргизүү боюнча эскертүү берилгенин айтты. Анын билдиришинче, облуста COVID-19 вирусун жуктурган учурлар катталса, көп кишилер чогулган жайларды жабуу сыяктуу катаал чаралар кабыл алынат.
Тажикстан Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 30-ноябрга карата 3 млн. 206 миң (51,8%) киши эмдөөдөн өттү. Вакцинанын эки дозасын 2 млн. 590 миң. 545 (44,5%) киши алды.