• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тажикстанда Кытайдан келген 285 жаран дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда

4 Бирдин айы 2020 15:56 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда Кытайдан келген 285 жаран медициналык мекемелерде дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо миинстрлиги билдирди.

Алардын арасында студенттер, ишкерлер, кытай компанияларынын жумушчулары – тажик жана кытай жарандары бар. Кытайдан келген кишилерден коронавирустун белгилери табылган эмес.

Бирок карантиндин шартына жараша алар 14 күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ооруканадагы жарандарга үч маал бекер тамак берилип, тез-тез дене табы өлчөнүп жатат.

Учурда Тажикстан менен Кытайдын жарандары бул өлкөгө беш башка мамлекет аркылуу келишүүдө. Душанбе аэропортунда көзөмөл күчөтүлгөн – жүргүнчүлөр тепловизор жана теплосканерлердин жардамы менен текшерилүүдө. Андан соң алар атайын автоунаалар менен медициналык жайларга жеткирилип, аты-жөндөрү тизмеге алынууда.

Тажик бийлиги коронавируска байланыштуу Кытай менен транспорттук каттамдардын бардык түрүнө чектөө киргизгенин кабарлаган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 30-январда коронавирустун башка өлкөлөрдө жайылып жатканына байланыштуу эл аралык масштабдагы өзгөчө абал жарыялаган.

Количество просмотров: 92