• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Тажикстанда кытайлык жумушчулар уулануу белгилери менен ооруканага кайрылды

27 Теке 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын түштүгүндөгү «Жунтай-Дангара Син Силу Текстиль» ишканасында иштеген 50гө жакын кытай жараны уулануу белгилери менен Дангарадагы ооруканага кайрылды.

Хатлон облусунун администрациясындагы өз булак «Озоди» радиосуна билдиргендей, окуя өткөн жуманын аягында болгон. Жумуш учурунда кытайлыктардын башы айланып, эс-учун жоготушуп, андан кийин баары кусуп башташкан. Дарыгерлердин айтымында, буга бөлмөдө тараган кандайдыр бир уулу газ себеп болгон. Кийинчерээк уулануу өндүрүш жабдыктарын туура эмес колдонуудан келип чыкканы айтылды.

Дангара райондук акимчилиги бул фактыны тастыктап, бир нече гана киши ууланганын белгиледи.

«Биз жумушчуларды текшердик, олуттуу эч нерсе табылган жок. Биздин ооруканага эки эле адам кайрылган, башка медициналык мекемелерде канчоо бар экенин билбейм», — дейт Дангарадагы оорукананын башкы дарыгери Кахрамон Камолов.

Расмий маалыматка ылайык, «Жунтай-Дангара Син Силу Текстиль» пахтаны кайра иштетүү, ошондой эле Кытай, Швейцария жана Германиянын алдыңкы компанияларынын продукцияларын өндүрүү боюнча эң алдыңкы технологиялар менен жабдылган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча учурда ишканада 600 адам иштейт, алардын арасында канча кытай жараны бар экени белгисиз.

Тажикстан өкмөтү Дангара районунан кытайлык инвесторлорго пахта өстүрүү үчүн 14 миң гектар жер бөлүп берген. Түшүмдү «Жунтай-Дангара Син Силу Текстиль» ишканасы колдонот.

Тажик оппозициясы бийликти бир нече алтын кендерин жана он миңдеген гектар айыл чарба жерлерин кытайлык компанияларга өткөрүп бергени үчүн сындап келет.

Количество просмотров: 70