Тажикстан ИИМи жарандык согуш жылдарындагы Элдик фронттун мурдагы талаа командири Хожо Каримовго Кылмыш кодексинин беш беренеси боюнча иш козголгонун маалдымдады.
Ал бандитизм, киши өлтүрүү, барымтага алуу, кыйноо, ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сактоого айыпталууда.
19-февраль күнү кечинде тажик мамлекеттик телеканалынан ИИМдин маалымат борборунун берүүсү чыккан. Анда авторлор жарандардан, анын ичинде Каримовдон жапа чеккендерден анын кылмыштуу иштери жөнүндө бийликке маалымат берүүнү сурашкан.
Каримов 1999-жылы өлкөдөн чыгып кетип, Малайзияда ишкерлик менен алектене баштаган. Ага чейин Тажикстандын Коргоо министрлигинин атайын тобунун жетекчи орун басары жана Футбол федерациясынын башчысы болгон.
Хожо Каримовго Интерполдун линиясы менен 2008-жылдын аягында издөө жарыяланган. Ал Бириккен Араб Эмираттарынан Тажикстанга 16-февралда экстрадицияланган.