• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Тажикстанда окуучу кыз Ноорузга даярдык көрүү иш-чарасынан кийин каза болду

17 Жалган куран 2022 15:42 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Бохтар шаарында акыркы күндөрү классташтары менен бирге Нооруз майрамына карата өтө турган иш-чарага даярдык көрүп жактан 8-класстын окуучусу Шахноза Сафарова каза болду.

Маркум окуучунун жакындары ал пневмония менен ооруганын билдиришти. 14-мартта анын дене табы көтөрүлүп, эртеси каза болуп калган.

«Ал пневмония болуп ооруйт. Акыркы бир нече күндө дене табы жогору жүргөн. Биз ага анча деле маани берген эмеспиз. 14-мартта ал мектепте өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн 10-12 саат күрөшүп, бирок аман алып кала алышкан жок. Анын өпкөсү сууга толуп калыптыр», — деди маркумдун агасы Хайдарали Сафаров.

Шаардагы №15 мектептин жетекчилиги Шахноза Сафарова Нооруз майрамына карата даярдыктын алкагында «маршировкага» катышканын ырастап, бирок мектепте анын пневмония менен ооруй турганын билбегендиктерин айтышты.

Хатлон облусунун Бохтар шаары менен Жалолиддин Балхи районунда Нооруз майрамына карата даярдык көрүү иштери жүрүп, ага жүздөгөн окуучулар менен студенттер катышып жатышат. Ал иш-чарага президент Эмомали Рахмон келе турганы кабарланууда.

Тажикстанда түрдүү маданий иш-чараларга студенттер менен окуучуларды катыштыруу тажрыйбасы кеңири жайылган. Нооруз, Жаштар күнү, Эгемендик күнү же Улуттук биримдик күнү өңдүү майрамдарды белгилөөнүн алкагында өтө турган параддар менен жүрүштөргө катышкан адамдардын саны 50-60 миңге жетиши мүмкүн.

Количество просмотров: 758