• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Тажикстанда президенттин уулу сенаттын спикери болду

18 Чын куран 2020 1:13 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун уулу, буга чейин Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп турган Рустам Эмомали тажик парламентинин жогорку палатасынын — Сенаттын спикери болуп шайланды. Муну менен ал мамлекет башчыдан кийинки эле өлкөдөгү экинчи маанилүү кызматты ээлеп калды.

Рустам Эмомали өткөн айдын аягында Сенатка мүчө болуп шайланган. Өлкө мыйзамына ылайык, парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Ал эми сегиз сенаторду президент өзү көрсөтөт.

Рустам Эмомали 30 жашында 2017-жылы Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалган.

Расмий Дүйшөмбү 2016-жылы өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөрткөн. Ага ылайык, президенттикке талапкердин жаш курагы кичирейген. Мурдагы Конституция боюнча өлкө башчылыгына ат салышкан адамдын жашы 35тен жогору болууга тийиш болсо, жаңы Баш мыйзамда ал беш жылга азайтылган. Ушундан улам Эмомали Рахмондун тун уулу, 33 жаштагы Рустам Эмомали 2020-жылы президенттик шайлоого катышышы мүмкүн деген сөздөр чыккан.

Количество просмотров: 411