• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Тажикстанда прокурордун автоунаасы өч алуу үчүн өрттөлгөн

17 Бирдин айы 2023 16:23 Бишкек Govori.TV

13-февралга караган түнү Куляб шаарынын Шамсиддин Шахин кичи районунда жергиликтүү прокурор Жуманазар Сайидахмадзоданын автоунаасы өрттөлгөн. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип кулябдык 50 жаштагы тургун кармалганы айтылган.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон 17-февралдагы маалымат жыйынында шектүүнү аты-жөнүн атаган жок, бирок ал Восе районунун мурдагы нотариусу экенин айтты.

«Шектүү прокурордон өч алуу үчүн анын автоунаасын өрттөгөн. Ал кармалды, тергөө амалдары жүрүүдө», — деп кошумчалады ал.

Башкы прокурор Восе районунун нотариусу прокурордун өтүнүч каты менен эмне себептен жумуштан алынганын түшүндүргөн жок.

Количество просмотров: 126