Тажикстан банктарында, 1000 рубль 150-167 сомониге бааланды. Эки күн мурун эле 1000 рубль 177 сомониге алмаштырылып жаткан.
Акыркы айларда куну төмөндөгөн америка валютасы өз позициясын бекемдей баштады. 7-июлда 100 доллар 1045-1050 сомонини түздү. Күн мурун 100 доллар үчүн 985 сомони берилип жаткан.
Белгилей кетсек, Тажикстанда 2016-жылдан тарта рубль менен которулган акчалар сомони менен гана берилет.