• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда студенттер июлдан бери Эгемендик майрамына даярданышууда

2 Аяк оона 2019 13:37 Бишкек Govori.TV

Эгемендик майрамынын алдында Тажикстандын Куляб шаарында күн сайын жүрүшкө жети миңдей киши катышууда. Негизинен алар студенттер жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери.

Июль айынын аягында маданият министри эч ким студенттерди жүрүштөргө катышууга мажбурлабай турганын айткан. Бирок алар мындай иш чарага аргасыздан барып жатканын билдиришүүдө.

Кулябда жүрүштөр июлда башталган. Студенттерге жүрүшкө катышмайын, жайкы сессия учурунда алган баалары коюлбай турганы же окуу жайдан чыгарылары эскертилген.

Августтун башында Куляб мамлекеттик университетинин проректору Хотамшох Назаров 3200 студент жүрүштөргө тартылганын билдирген. Окуу жай 500дөй студентти жатакана менен камсыздаган, калгандарды туугандарынынкында калган.

Тажикстанда Эгемендүүлүк майрамы 9-сентябрда белгиленет. Салтанатка карата Хатлон облусуна өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон келет. Майрамдык иш-чарага жети миң киши катышат.

Количество просмотров: 60