• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тажикстанда судья Рустам Саидахмадзода эки айга камакка алынды

5 Теке 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Согди облусуна караштуу Бобожон Гафуров райондук сотунун судьясы Рустам Саидахмадзода эки айга камакка алынды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 29-июнда Душанбеде кармалган.

Саидахмадзоданын туугандарынын биринин айтымында, ал “кызмат абалынан ашкере пайдаланууга” жана “кылмыш жөнүндө жалган маалымат берүүгө” айыпталууда. Бирок ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт.

Тажикстан бийлиги бул иш боюнча расмий түрдө комментарий берген жок.

Рустам Саидахмадзоданы иштен алуу боюнча президенттин жарлыгы чыга элек. Ал Бободжон Гафуров районунун судьялыгына 2017-жылы дайындалган. Ага чейин Шахристан райондук сотунун судьясы болгон.

Количество просмотров: 231