Тажикстанда жарым жылда тааныш-билиш аркылуу жумушка дайындоо боюнча 37 факты аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү агенттиги кабарлады.
Агенттиктин директору Сулаймон Султонзоданын айтымында, тууган-туушкандык учурлары Билим берүү жана илим, Саламаттык сактоо министрлигинде көбүрөөк аныкталган. Маалымат жыйынында кимдир бирөөнүн аты-жөнү айтылган жок.
«Кээ бир мектептердин директорлору жумушка балдарын гана эмес, келиндери менен күйөө балдарын да орноштурган», — деди агенттиктин жооптуу кызматкери Нигора Мукими.
Анын айтымында, Тажикстандын күч түзүмдөрүндө непотизм же кардарларды жек-жаат, дос-тамыр белгилери менен дайындоо фактылары аныкталган эмес.
Ушул тапта Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун жакын туугандары мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинде негизги жооптуу кызматтарды ээлеп турушат. Президенттин тун уулу Рустами Эмомали – парламенттин жогорку палатасынын төрагасы жана Душанбе мэри. Кызы Озода Рахмон – президенттик аппараттын жетекчиси. Башка бир кызы Рухшона Эмомали – Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Күйөө баласы Ашрафжон Гулов Тажикстандын Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн жетектейт.