• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Тажикстанда тергөө абагынан качып кеткен жаран кармалды

3 Тогуздун айы 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын укук коргоо органдары 19-августка караган түнү Душанбедеги тергөө абагынан качып кеткен Ахмадбек Саидовду кармашты.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгы билдиргендей, 35 жаштагы Ахмадбек Саидов 1-октябрда Хатлон облусунда кармалган.

Сентябрдын башында Тажикстан ИИМи өз сайтында Саидовдун сүрөтүн жарыялап, аны кармоого жардам көрсөткөндөргө – жүргөн жерин кабарлагандарга 50 миң сомони (5000 доллар) сый акы берүүнү убадалаган.

Качкын кандай жол менен табылганы айтылган жок.

Хатлон облусунун жашоочусу Ахмадбек Саидов Тажикстандын 12 жараны менен бирге августтун башында Орусиядан чыгарылган. Ал 2007-жылы Дангарада каракчылык менен кол салууга жана 83 миң 250 сомони уурдоого айыпталган.

Качууга көмөк көрсөтүү шеги менен №1 абактын жооптуу кызматкери Идибек Мухтожев кармалган.

Количество просмотров: 118