• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тажикстанда ундун баасы кымбаттоодо

29 Аяк оона 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Тажикстанда күйүүчү майдын артынан ундун баасы да кымбаттады. Ушул тапта Душанбеде 50 килограмм ун 235-255 сомони, аймактарда 290 сомони (25 доллар) турат.

Сатуучулар муну Казакстанда ундун наркы көтөрүлгөнү менен түшүндүрүшүүдө. Бир ай мурун эле азыр 255 сомони турган ун 230 сомони болгон. Душанбенин соода борборлорунда сатуучулар ундун баасы мындан ары да өсүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Себеби Казакстандын Айыл чарба министрлиги быйыл буудайдын наркы 2020-жылга салыштырмалуу 24% жогору болорун эскерткен. Тажикстан ун менен буудайды толугу менен Казакстандан алат. Соңку жылдары ун жеткирүү азайып, буудай алып келүү көбөйдү.

Тажикстан калкын толук ун менен камсыздоо үчүн 1,7 миллион тонна буудай керектелет.

Количество просмотров: 265