• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тажикстанда жарандык активист Рамзи Вазирбеков 13 жылга соттолду

9 Жетинин айы 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Душанбе шаардык соту тажик бийлигин сындап жүргөн жарандык активист Рамзи Вазирбековду 13 жылга эркинен ажыратты.

Маалыматка караганда, сот Тоолуу Бадахшан автоном облусунда туулуп-өскөн Вазирбековду «Кылмыштуу уюмдарга аралашуу» жана «Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштыруу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Активисттин иши боюнча сот отурму 5-ноябрда жабык өткөн. Өкүм тууралуу маалымат 8-ноябрда гана ачыкка чыкты.

Өткөн жумада Душанбе шаардык соту 5-ноябрдагы отурумунда Рамзи Вазирбековдун бир тууганы Ораз Вазирбековду 16 жылга эркинен ажыратканы белгилүү болгон. Ал «Экстремизм» жана «Интернет аркылуу Конституциялык түзүлүштү кулатууга чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Вазирбековдордун жакындары билдиргендей, айыпталуучулардын экөө тең тагылган айыптарды четке кагууда.

Ага-ини Вазирбековдор акыркы жылдары Москвада иштешкен жана социалдык түйүндөр аркылуу Тажикстандын бийлигин сындап жүрүшкөн. Экөө тең Орусиянын жараны.

Количество просмотров: 74