• Шаршемби 29 Жетинин айы 2023
  • Среда 29 Ноябрь 2023

Камактагы Карасартованын ден соолугу начарлаганы айтылды

6 декабря 2022 в 9:01 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Рита Карасартованын ден соолугу кескин начарлап кеткенин балдардын биринчи хосписинин жетекчиси Ольга Труханова жазды.

Маалыматка караганда, Рита Карасартованын тамагында лимфа бездери сезгенип, калкан безинде көйгөй бар. Ал акыйкатчыга жана кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна кайрылып, Карасартованын ооруканага жаткырылышын өтүндү.

Эске салсак, укук коргоочу, активист Карасартова «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 23-октябрда кармалган.

Количество просмотров: 62